Жаңылыктар
Ысырапкерчилик - ырыскыны азайтат. Президенттин Жарлыгын коомчулук колдоого алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысырапкерчилик - ырыскыны азайтат. Президенттин Жарлыгын коомчулук колдоого алууда

“Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү”.Бул боюнча Президенттин Жарлыгын коомчулук колдоого алууда. Калк маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында же үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө эбегейсиз чыгашаларды тартат. Ысырапкерчиликти ооздуктоо чарасы калктын жашоо шартына канчалык деңгээлде таасир этет?

Жаңыл Орозова турмушка чыгарда күйөөсү нике кыяр алдында берчү белегинин ордуна балдар үйүндөгү бөбөктөргө таттуу алып беришин өтүнгөн. Мындай сунушка жолдошу түшүнүү менен карап, үлпөт тоюнда балдар үчүн майрам уюштурган.