Мамлекеттин башкы максаты – ар бир үй-бүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Бул үчүн ушул тапта бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардык аракет жасалып жатат. Маселеге өлкө башчысы өзү кийлигишип, социалдык баракчасы аркылуу элге дагы кайрылып жатат.