Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйүүдө. Валюталык туруксуздуктан улам акчасын алтынга алмаштыруу үчүн Улуттук Банкка күн сайын 30-40тай адам кайрылып жатат. Президент Садыр Жапаров жарандарды алтын сатып алууга чакырган. Экономист адистер каражатты мындай баалуу металл менен сактоонун артыкчылыктары арбын экенин белгилеп жатышат.
Улуттук Банк өлчөнгөн алтын куймаларын 2015-жылдан тартып сатыкка чыгарып келатат. Ал граммдап эсептелет. Ал эми быйыл 1-февралдан бери стандарттык же көлөмдүү куймалар сатыла баштады. Салмагы 10 жарым килограммдан 13 килограммга чейин. Улуттук банктын кеңсесине алтын сатып алуу үчүн кайрылгандар көбөйүүдө. Мекеме муну доллардын наркы өсүп, валюталык туруксуздук пайда болгонуна байланыштырууда.