Айыл чарба багытында мээнет кылган дыйкан, фермерлер эл аралык уюмдан колдоо алып, өздөрү эмгектенген тармакты өнүктүрүп, чыңдамак болушту.
Эт, сүт, жүн жана бал өндүрүү багытында иштеген жергиликтүү фермерлер буга чейин долбоор жазышып сынактан өтүп, эми ар кимиси өз тармагына жараша колдоо алышты. Эми алар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошуп, ички рыноктогу керектөөчүлөрдүн мүктаждыгын чечкенге, айыл чарба продукцияларын көбүрөөк өндүргөнгө жардам беришет.
Алыскы Ат-Башы районунда аялдардын тобу атайын бир кооператив түзүп, сапаттуу таза сүттү өндүрүү боюнча беш жылдан бери иштеп келет. Ондон ашык аял 80дей уйду багып күнүмдүк сүттү райондогу заводго өткөрүп, киреше булагын көбөйтүүдө. Айымдар ишкерлик чөйрөсүн дагы кеңейтүү максатында сүт саай турган аппарат, тоют кесүүчү жабдык жана сүт сактай турган чоң сыйымдуулукту алууга долбоор жазып 64 миң доллар грант алышты.