Адистер тарабынан чечилген арыздардын каржылык баасы 2 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнүнүн 2 жылдыгына карата жылдык отчётунда айтылды.
Жыйында бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мамлекеттик органдар менен анын ичинде салык кызматы, башкы прокуратура менен кызматташуу жакшырганын белгилеп, бизнести коргоо жана ишкерлерди колдоо иртетинде аткарылган иштерге токтолду. Институттун миссиясы - өлкөдөгү коррупцияны азайтуу жана ишкердик климатты жакшыртуу аркылуу бизнестин кызыкчылыгын мамлекеттик сектордун мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо. Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланат.