Жаңылыктар
«Бир адамдан бир китеп» долбоору эми аскер бөлүктөрүнө жетти
Кыргызстан жаңылыктары
«Бир адамдан бир китеп» долбоору эми аскер бөлүктөрүнө жетти

«Бир адамдан бир китеп» долбоору эми аскер бөлүктөрүнө жетти. 

Анын алкагында Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин борбордук китепканасы китептер менен толукталды. Эми жоокерлер күжүрмөн кызмат өтөп, сапка тизилген даярдыктан тышкары бош убактыларын китеп окууга арнашат. Саамалык департаменттин 80 жылдыгына арналып, уюштурулду. Бүгүнкү күндө жаш муундун өкүлдөрү демилге көтөрүп баштаган «Бир адамдан бир китеп» долбоору республика боюнча жайылып, бир катар китепканалар жаңы адабияттар менен толукталууда. 

Негизги максат - жаштардын маданий жана руханий жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү болуп жатат.