Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы менен биргеликте “Инновация аркылуу билим берүү сапатына карай” аталышында вебинар өткөрдү.
Маалыматка ылайык, вебинар Кыргызстандын инновациялык мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери, окуучулары үчүн уюштурулду. Катышуучуларга интеллектуалдык менчик эмне үчүн керектиги жана эмнеси менен кызык экендиги түшүндүрүлдү. Вебинардын жүрүшүндө мектептердин инновациялык окутуу ыкмасына өтүшүнө байланышкан маселелер талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар ушул жаатта мектептер жана балдардын билим берүү борборлору менен бирдиктүү иш-аракеттерди улантууну макулдашты.