Жаңылыктар
Токойчуларды сүйүнткөн заманбап күнөскана курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Токойчуларды сүйүнткөн заманбап күнөскана курулду

Токтогул токой чарбасынын базасында жалпы аянты 800 чарчы метрди ээлеген заманбап күнөскана ишке кирди. Муну Дүйнөлүк Банк каржылап, “Кыргыз Республикасындагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында ишке ашырды. 

Буга жалпысынан 3 миллион 400 миң сом акча каражаты жумшалган. Токой чарбасы бул күнөсканада бир нече көчөттүн түрүн өстүрүп баштады. 8 миң даана жаңгак уругу жабык тамыр ыкмасы аркылуу даярдалууда. 

Күнөсканада өстүрүлгөн көчөттөр кийин токойдун аймагына которулуп отургузулат.