Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. 

Жердин силкинүүсү Ынтымак, Таш-Кыя, Пүлгөн айылдарында 4 баллга жакын, Кадамжай шаарчасында, Шуран, Жийделик, Алга, Котур-Булак, Кара-Дөбө, Марказ, Кара-Жыгач, Кызыл-Булак, Кулду, Орозбеков, Совет айылдарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга жакын сезилди. 

Жабыркагандар жана адам өмүрүнө кесепетин тийгизген учурлар болгон жок.