Жаңылыктар
Чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтү аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтү аяктады

Кыргызстанда чет элдиктерге киргизилген миграциялык мунапыстын же "жашыл коридордун" мөөнөтү аяктады. 

1-марттан тарта визасы жана каттоосу жок чет элдик жарандар Кыргызстандан чыгып кетүүгө же керектүү документтерди толтурууга милдеттүү. Эреже бузгандарга айып пул салынары тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Кыргызстандын бийлиги коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам 2020-жылдын март айында чет өлкөлүк жарандарга жеңил болсун деп документ текшерүү иштерин бир кыйла жеңилдетип, эркин жүргөнгө шарт түзүп, "жашыл коридор" ачкан.