Жаңылыктар
Баткен облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаа тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаа тапшырылды

Баткен облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаа тапшырылды. Техника менен камсыздоо президент Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун алдын алуу боюнча койгон тапшырмасын жана Ички иштер министрлигинин коллегиясында министр Улан Ниязбеков айткан талаптарын аткаруунун алкагында жүргүзүлдү. 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков Баткен облусунда болуп, аймактардагы билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл башчылары менен жеринде жолугушту. 

Унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Облустун аймагында жетишилбеген жол белгилерин коюу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштурууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.