Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европадагы жана Борбор Азиядагы өнүктүрүү максатындагы ишти координациялаган башкармалыгынын аймактык директору Гви-Йоп Сон менен жолугушту.
Аймактык директордун Кыргызстанга сапарынын максаты - Министрлер Кабинети, өнүктүрүү боюнча өнөктөш тараптар жана жарандык коом менен биргеликте БУУнун реформаларын ишке ашыруу боюнча диалогду улантуу болду.
Эдил Байсалов БУУнун өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык тармактагы учурдагы абал, Министрлер Кабинетинин жакынкы мезгилге карата пландары тууралуу маалымат берди.
Андан соң тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Министрлер Кабинети эл аралык экономикалык кырдаалдын начарлашына байланыштуу айрым орто мөөнөттүү пландарды кайра карап чыгууга мажбур болот.
Ошондой эле жакынкы айларда калктын аялуу катмарына тышкы факторлордун таасирин жумшартууга көңүл бурулат деп белгиледи Байсалов. Андан ары жолугушкан тараптар өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында тыгыз кызматташуу маселелерине токтолушту.