Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунда жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө 2018-2025-жылдарга Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн программаны ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди аткарууга 350 млн сом бөлүүнү тапшырды. Тармактык ведомстволорго 20 пилоттук шаардын башкы планын иштеп чыгуу, ошондой эле чек арадагы калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууну жыйынтыктоосу тапшырылды.