Ысык-Көл облусунда тоо текеге мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелген жарандар кармалды.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл Облустук ИИБнин туристтик-экологиялык милициясы жаратылышты коргоо мекемелери менен бирдикте, мыйзамсыз аңчылык жана курал-жарактарды жүгүртүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктап, алдын алуу максатында "Браконьер" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө.
26-февралда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жана "Илбирс" коомдук фондусунун өкүлү Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүндөгү "Жаман-Эчки" коктусунун кире беришинен, мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен "Нива-Тайга" жана "Nissan Patrol" үлгүсүндөгү автоунааларды токтотушкан.
Автоунааларды текшерүү учурунда Барскоон айылынын 45 жана 51 жаштагы тургундары, ошондой эле Бишкек шаарынын 50, 60 жана 58 жаштагы тургундарынын жанынан 4 сайлуу, 2 сайсыз ок атуучу куралдар табылган. Андан тышкары автоунаадан, жаңы союлган тоо текенин эти табылган.
Аталган факты боюнча материалдар Жети-Өгүз райондук ИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары уланууда.