Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Эске салсак, салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк мекеме, уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.