Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга Президент Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Элдер менен жолугушууда калктын социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, кур намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды. Элет жергеси бул Жарлыкты колдоорун айтышып, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы”- деп билдирип өтүштү.