Жаңылыктар
Бишкектин кээ бир жаңы конуштарында 3-март күнү таза суу токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин кээ бир жаңы конуштарында 3-март күнү таза суу токтотулат

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 3-марттан тарта “Ак-Жар”, “Ак-Бата”, “Келечек” конуштарында таза суу токтотулат.

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга таза суу берүү токтотулат.

Бул “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.