Жаңылыктар
Бишкек шаарында жазга карата көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында жазга карата көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Шаардык кызматтар борбор шаарды келе жаткан жазга карата көрктөндүрүү иштерин күчөтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы шаардын ирригацияларын кол менен жана механикалык тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө. "Тоголок Молдо, Раззаков көчөсү Түгөлбай ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Куттубаев, Каралаев, Исанов, 7-Апрель, Бөкөнбаев, Манас, Чүй көчөлөрүндө кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. “Бакай Ата” конушунда жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.