Жаңылыктар
Ысык-Көлгө жаңы кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлгө жаңы кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу талкууланды

Арабиянын Air Arabia авиакомпаниясы жайкысын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна каттамдарды аткарышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулу Тимур Абдижалилдин аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугушуусунда сөз болгон. 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар Шарджа – Ош каттамынын расмий түрдө ачылышында жолугушкан. 

"Иш-чаранын жүрүшүндө жайкысын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Абу-Дабиден Кыргызстанга авиакаттамдарды жүргүзүү маселелери талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.