Дүйнөлүк Банк Ош шаарына туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 6 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлдү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк Банктын Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун байкоочу кеңешинин отуруму өткөрүлүп, Ош шаарында төмөндөгү долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилди. Алар Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик – архитектуралык инсталляцияларды куруу, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө. Ошондой эле Алишер Навои атындагы эс алуу паркынын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак куруу, Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо жана Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу.
Жалпы туризм тармагын өнүктүрүүгө Ош шаарына каралган акча каражаты 6 млн АКШ долларын түзөт. Долбоорлор Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү агенттиги аркылуу ишке ашырылат. Бул долбоор аркылуу иш орундарын түзүүгө, жакырчылыкты кыскартууга шарт түзүп, айыл чарба продукцясынын кошумча нарк тутумун түзүү, өнүктүрүү жана туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүп Ош облусунда, Ош шаарында комплекстүү негизде экономикалык жана региондук өнүгүү колдоого алынат.