Жаңылыктар
Кан басымы жогорулаган адамдарга кеңеш
Кыргызстан жаңылыктары
Кан басымы жогорулаган адамдарга кеңеш

Сүрсүгөн жана кургатылган балыктар кан басымы жогору адамдар үчүн кооптуу. Бул туурасында Daily Express британиялык окумуштууларга шилтеме кылып жазды. 

Адистердин айтымында мындай балыкты көп жегенде артериялык кан басым кескин көтөрүлүп кетет. Себебин, анын курамында туздун көлөмү көптүгү менен түшүндүрүшкөн. "Эгерде туздуу кылып жесеңер организмде ашыкча суюктук, суу пайда болот. Ал кан тамырларга өзүнүн таасирин тийгизип, мындан улам кан басым көтөрүлө түшөт", — деп түшүндүргөн дарыгерлер. 

Гипертониядан жабыркагандарга балыкты чала туздап жегенге кеңеш беришкен. Медиктер бул жерде кооптуулук ашыкча сүрсүтүлгөн, кургатылган балыктан жараларын айтышкан. Ал эми жалпысынан алганда алар жүрөккө пайдалуу. Макрель, лосось, сардина балыктарында адамдар муктаж болгон омега-3 көп. Бул ден соолукка пайдалуу болуп, кан басымдын деңгээлин дагы жөнгө салып турат.