Украинадагы кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өтүштү, азыркы кезде жарандар коопсуз аймак болгон Польшага келишти. Алар мейманканага жайгаштырылды. Ошондой эле украин-молдова мамлекеттик чек арасынан өткөн мекендештер Кыргызстандын Молдовадагы консулдугунун көмөгү менен азыркы кезде Молдовадагы мейманканаларга жайгаштырылды.
Мындан сырткары, элчилик тарабынан жана Украинанын аймагында жашаган кыргыздардын активисттеринин жардамы менен турак жайы жок Кыргызстандын жарандары үчүн атайын жайлар даярдалууда.