Жаңылыктар
Биринчи май жана Свердлов округдарында ЖК депутаттарын кайра шайлоо аяктады. Ким алдыда?
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи май жана Свердлов округдарында ЖК депутаттарын кайра шайлоо аяктады. Ким алдыда?

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады. Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, бюллетендер автоматтык түрдө саналды. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түз эфирде билдиргендей, автоматтык түрдө саноочу урналардын эсептөөсүнө ылайык, Бишкектин Биринчи Май шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдиева — 46,09 пайыз добуш алды.

Ал эми Свердлов шайлоо округунан Муртазалиев Абдурахманхаджи добуштардын 17.54% пайызына ээ болду. Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат. Автоматтык эсептөөчү урналардан кийин бюллетендер кол менен саналат. Андан киийн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт. Эки округдан тең депутаттык мандат үчүн 25ден талапкер ат салышты. Добуш берүү күнү ар бир округдан 60дан шайлоо участкасы ачылып, жалпы 120 тилке иштеди. Ал эми 219 654 шайлоочу тандоо укугуна ээ болчу, Биринчи май округунан — 113 105, Свердловдон — 106 549. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.