Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 16.00гө карата шайлоочулардын 15,39 пайызы же 33 миң 812 жаран добуш берди.
Мында №27 Биринчи май округунда 12 миң 610 шайлоочу добуш берсе, №29 Свердлов округунан 21 202 шайлоочу тандоосун жасады.
Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек.