Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кайгуул кызматынын кызматкерлери шаардагы шайлоо тилкелеринин жанында бөлүштүрүлүп, тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, шайлоо участкаларынын айланасындагы жакынкы жолдордо мүмкүн болгон тыгындардын алдын алууда.
Учурда абал туруктуу жана шайлоо участкаларынын айланасындагы бардык кыймылдар ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматы тарабынан кылдат көзөмөлгө алынууда.
Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда милициянын кайгуул кызматкерлерине токтоосуз билдирүүнү суранат.