Жаңылыктар
Бишкектеги кайра шайлоо. Түшкө чейин 16 миңге жакын жаран добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги кайра шайлоо. Түшкө чейин 16 миңге жакын жаран добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 12.00гө карата шайлоочулардын 7,04%, башкача айтканда 15 461 адам добуш берди

Шайлоочулар Свердлов районунда активдүү болууда, добушканалар ачылган төрт сааттын ичинде 10 038 адам келди. Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда. Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.