Жаңылыктар
Үгүт маалындагы бир арыздан улам кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Үгүт маалындагы бир арыздан улам кылмыш иши козголду

Үгүт маалындагы бир арыздан улам кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 27-февралда брифингде Борбордук шайлоо комииссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди. 

Анын маалымдашынча, Бишкектеги бир мандаттуу эки шайлоо округунда үгүт маалында жалпысынан 38 араз-даттануу түшкөн. Бир фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, дагы үч арыз териштирилип жатат. Укук коргоо органдары кылмыштын курамы болбогонунан улам 11 арызды кароодон баш тарткан. Калгандарына эскертүү берилип, айып пул чегерилди.