Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
Спорттук иш-чара 24-27-февралга чейин Стамбул шаарында өтүүдө. Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды. Чейрек финалда Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен кез келди. Мекендешибиз атаандашына караганда өжөрлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде аны жеңди. Финалга чыкчу кармашта кыргызстандык спортчу германиялык Франци Рейделтти 6:1 эсебинде артта калтырды.
Ал эми акыркы кармашта Айпери Медет кызы австриялык Мартина Кюнц менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз спортчусу 4:2 эсебинде утулуп жатканда Кюнцтин белине кучактап эки ирет оодарып салганга жетишти. Жыйынтыгында 6:4 эсебинде Медет кызы алтын медалды багындырды. Аталган турнирде Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болду.
Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.