Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, доктор Габриэла Геллил жана Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.
Жолугушуу Германия менен Франциянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын демилгеси менен өттү. Тараптар Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулашты, тактап айтканда, Германия менен Франциянын Элчилери бул маселе боюнча өздөрүнүн өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришти. Өз кезегинде Министр Руслан Казакбаев Украинадагы азыркы кырдаал туура айтып жатып, мындан ары аскерлердин жана жарандардын өлүмүнө жол бербөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кырдаалды тез арада деэскалациялоо жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын чегинде жаңжалды тез арада саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана тынчтык жолу менен чечүү максатында бул чыр-чатакты чечүү процессинин катышуучулары үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана башкалар сыяктуу беделдүү эл аралык уюмдардын платформаларында сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматтарын жана механизмдерин табуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинин башчысы, ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Украинадагы Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын билдирди. Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, Министр Руслан Казакбаев европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу «жашыл коридор» түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү. Мындан тышкары, дипломаттар эки тараптуу жана эл аралык форматтардагы кыргыз-герман жана кыргыз-француз кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.