Жаңылыктар
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. 

"Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Россия жана Украина элдери менен эзелтен берки достук мамилени эске алып, тараптар чыр-чатакты тез арада сүйлөшүү жолу менен чечет деп үмүттөнөбүз", — деп жазылат билдирүүдө. 

ТИМ тынчтык жана туруктуулукка жетүү үчүн тараптардын сүйлөшүүсүнө багытталган бардык демилге, сунуштар кабыл алынарын белгилеген. Министрлик тараптарды жөнөкөй элдин, чет элдиктердин коопсуздугуна кам көрүп, аларга чыр-чатак болуп жаткан зонадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.