Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө жайында жүк өткөрүүдөгү коррупциялык схемага шектелип Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирет.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги салмак-габариттик көзөмөлдөө жайынан айрым жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөн көрсөтүлгөн. Комитет жемкорлук схема менен салык кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын ар биринен 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин, салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери ашыкча жүктөрдү текшербей эле миң - 2 миң сомдон акча алып турушканын билдирди.
Атайын кызмат 25-февралда 13-12 миң сом алып жаткан салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки кызматкери, 5 миң 500 сом алып жаткан салык кызматкери кармалганын билдирди. Учурда коррупцияга шек саналгандар камакка алынып, тергөө башталды.