Украинада аба байланыш боюнча чек аралар жабылганына байланыштуу жана Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда.
Маалыматтар боюнча Украинада 1 миң 357 Кыргызстандын жараны бар, алардын ичинен 680 жаран Элчиликте консулдук каттоодо турат. Учурда Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Украинадагы Элчилигине Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашуун жаран кайрылды. Азыркы тапта негизги милдет - Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, жарандар менен Кыргызстандын Украинадагы элчилиги үзгүлтүксүз байланышууда жана тийиштүү түшүндүрмө кеңештер берилүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын да эскертип кетебиз.
Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
+380 коду менен 997 573 413,
442 370 346 жана 442 370 348, ошондой эле Элчиликтин "WhatsApp" группасы;
Кыргызстандын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти
+996 коду менен 0551 31 20 00 - түз байланыш номери;
0703 42 88 65, 0709 98 34 65 жана 0554 06 52 15.