Өткөн жылдын апрель айынын соңундагы тажик аскерлеринин кол салуусунда мал-мүлкүнөн ажыраган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарына жардам болот.
Алсак эки райондо жалпы жонунан 62,5 млн сомдук мүлк таланып, тонолгон. Тактап айтканда Лейлек районунда 146 үй тонолсо, 36 транспорттук каражат уурдалып же өрттөлгөн. Зыяндын көлөмү 37,5 млн сом болгон. Ал эми Баткен району боюнча тонолгон үйлөрдүн саны 122, уурдалып, өрттөлгөн унаалардын саны 66, ал эми жоголгон мал жандыктар 110 баш.
Зыяндын көлөмү 25 млн сом. Учурда жабыркагандардын мүлктөрүн калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 84,4 млн сом бөлүндү.