Жаңылыктар
Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны жыйынтыкталды

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны жыйынтыкталды. 

Эки күнгө созулган иш-чара соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Жыйында каралган маселелердин баардыгы мындан ары дагы интеграцияны тереңдетүүгө жана андан тийиштүү экономикалык пайда алууга шарт түзөт.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке чейин мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы тууралуу кеңири талкуулады. Кезегинде Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын бул жылы Биримдик органдарына төрагалык кылуусуна ийгилик каалады.