Жаңылыктар
Баткендеги акыркы окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөкпул төлөө боюнча токтом кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги акыркы окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөкпул төлөө боюнча токтом кабыл алынды

Министрлер Кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды.

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

–  курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

–  курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.