Орусияга иштегени барган чет элдик эмгекмигранттары медициналык кароодон жылына бир гана жолу өтмөй болду. Буга чейинал кагаздардын жарактуу мөөнөтү үч ай деп айтылып келген. Мындан тышкары, 13жашка чейинки балдардын канында психотроптук заттардын бар-жогуна текшерүүжүргүзүлбөйт.
Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик жарандарга берилүүчү сертификаттын жана медициналык корутундулардын мөөнөтүн 12 айга чейин узартты. Мындан ары 13 жашка чыга элек балдардын канында баңги жана психотроптук заттардын бар-жоктугу текшерилбейт. Ошондой эле, COVID-19 медициналык текшерүүнүн алкагында диагностиканы талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды. Жаңы буйрук ушул жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет.