Кубатбек Кожоналиев Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.
Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесине ылайык, кол койду. Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Айбек Джунушалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.