Жогорку Кеңештин жыйынында Украинадагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгарууга жардамдашуу маселеси көтөрүлдү.
Кыргызстандын Киевдеги консулу Эрмек Каныбеков, Украинадагы ар бир кыргызстандык менен телефондон кабарлашып жатышканын маалымат каражаттарына билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Украинада консулдук каттоодон өткөн 680 кыргызстандык бар. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Украинадагы соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.