Жаңылыктар
УКМК: Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөт аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөт аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды
УКМК Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалганын маалымдады. 
Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн акча каражаттарынын бир бөлүгүн ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган Бишкек шаарынын вице-мэрине карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө, Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкеринин тиешеси бар экени аныкталды. 

Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, “Г.П.С.” жоопкерчилиги чектелген коому Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин, ишкананын жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон.
Белгилей кетсек, курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон. Буга байланыштуу ишкананын жетекчиси, жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5% өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 млн 500 миң сом пара катары өткөрүп берген. 21-февралда бул иш боюнча шектүүлөр кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Азыркы учурда коопсуздук кызматы тарабынан ар кандай социалдык объектилерди курууда айрым кызмат адамдар тарабынан акча каражаттарын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.