Жаңылыктар
Мамлекеттик туу күнүнө даярдык. "Ала-Тоо" аянты маал-маалы менен жабылып турат
Кыргызстан жаңылыктары
 Мамлекеттик туу күнүнө даярдык. "Ала-Тоо" аянты маал-маалы менен жабылып турат

Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө карата даярдыкка байланыштуу Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө саат 9:00дөн тарта киргизилди. Коргоо министрлиги 3-март — Туу күнүнө карата даярдык болуп жатканын айтты. Аскерлер чоң желекти көтөрүп басып, даярдыктан өтүп жатышат. Ал эми аянттын чекесиндеги жолдордо милиционерлер көзөмөл жүргүзүүдө. Кайгуул кызматы репетиция бир нече саатка созуларын айтты. 

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 30 жыл толот.