Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 14-майда ШКУнун эл аралык марафону старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Ысык-Көл марафону быйыл онунчу ирет өткөрүлмөкчү.
Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт. Бул мелдеш Кыргызстандагы ири спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана башка спорт сүйүүчүлөрү катышат. Быйыл мелдеште 3 000ден ашык киши болору күтүлүп жатканы айтылды. Жарышта спортчулар 42, 21, 10 чакырымдарга чуркап, скандинав ыкмасы менен 3 жана 10 чакырымга баса алат. Марафондун байге фонду миллион сомдон ашат.