Жаңылыктар
Бишкекте карызы бар 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте карызы бар 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 25-февралда Бишкекте карызы бар 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди. 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү терминалдар, электрондук капчыктары, банк жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. “Түндүк электр” ишканасы төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

“Акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКтын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.