Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши менен таанышты.
Жыйындын жүрүшүндө ипотекалык насыялоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык жана атамекендик финансы институттарынын насыялык каражаттарын тартуу, жаңы финансылык продуктыларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.
Былтыр мамлекет Ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак жай программасы кабыл алынган.