Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө, - деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин "Адамды уурдоо" беренесинде каралган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү үч жаран жана Чүй ОИИБнин "Манас" аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары кармалып, 2 айга УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23 жаштагы Ниязалы Махаматкарим уулу жана 51 жаштагы Болот Матраимов жана уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды. Азыркы учурда Ниязалы Махаматкарим уулу менен Болот Матраимов изделүүдө. УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо "102" кыска байланышына кайрылууну өтүнөт.