Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Улан–1 чөлкөмүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочусу лифтке кыпчылып калып, каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жаткан учурда, лифт иштеп кетип кыпчып калган. Коляскадагы ымыркай жабыркаган эмес. Аталган үйдүн лифтин кайсы мекеме тейлери жөнүндө маалымат айтылган жок. Адистер шаардагы көпчүлүк үйлөрдөгү лифттердин эскилиги жетип, кооптуу болуп калганын айтып келишет.