Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө 56 жаштагы Т. Ж. атттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-декабрына караган түнү саат 2:00 чамасында үйүнүн короосунда байланып турган жеринен 6 баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин, натыйжада 500 000 сомго жакын зыянга учураганын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул окуя Таш-Көмүр ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Таш-Көмүр милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Аксы районунун тургуну 1992-жылы туулган А.Т. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Уурдалган мал жандыктары толугу менен ээсине кайтарылып берилген. Арыз ээси Т.Ж. кара малдарынын табылганына сүйүнүп, милициянын жасаган аракетине ыраазычылык билдирди.