Жаңылыктар
Ысык-Ата районунун Туюк айылында турак үй толугу менен күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунун Туюк айылында турак үй толугу менен күйүп кетти

Бүгүн, 11-январь күнү түнкү саат 01:32де Ысык-Ата райодук ӨКБнүн байланыш түйүнүнө Туюк айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 ч.м болгон турак үй толугу менен күйгөн. Жерине №4 ӨКБнөн бир бөлүм тартылып, саат 02:27де өрттү чектөөгө алып, 03:53тө толук өчүрүштү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору билдирди.