Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 2022-жылдын 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Абдумомунова Алина Эмилбековнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым.
Дайынсыз болуп жаткан Абдумомунова Алина Эмилбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61.