Казакстан Республикасына жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти тынчтыкты сактоочу миссияны аткарууда. Тактап айтканда, кыргыз аскер кызматчылары Алматы шаарынын (КР) ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы билдирди.
Кыргызстандын тынчтыкты орнотуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечиминин, КР Президентинин Жарлыгынын негизинде жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык тынчтыкты орнотуу ишин жүргүзүүдө.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети - Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат.