Жаңылыктар
Ош шаарындагы Бабур театрында оңдоп-түзөө иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы Бабур театрында оңдоп-түзөө иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрын реконструкциялоо иштери өз нугунда жүрүүдө. 

Вице-мэр Жасур Азимов оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, мекеменин электр жана жылуулук менен камсыздоо кубаттуулугун жогорулатуу, инженердик коммуникацияларды реконструкциялоо маселелери каралды.

Эскерте кетсек, театрды оңдоп-түзөө Өзбекстан тарабынан гранттык негизде өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылууда. Учурда имараттын ички бөлүгүндө иш жүрүүдө. Долбоордун баасы 5 млн. АКШ долларын түзгөн.